Россияда жумуш кылуу учун уруксатты кандай алуу керек.
1. Россия аймагына келгенде миграциялык картаны алып толтуруу керек. Аны чек арачылар, абакошчулар, проводниктер, ж.б. акысыз беришет.
2. Миграциялык карта орусча толтурулат. Сиз орусча билбесеңиз, латин алфавити менен толтурса болот. Миграциялык картанын эки жагы тең эле толтуруу зарыл.
3. “Келүү максаты” деген графада “жумуш кылуу үчүн” деген сөздүн астын сызуу керек.
4. Чек араны өткөндө миграциялык картанын “А” бөлүгү чек арачыларга калтырылат, башкасы - “В” бөлүгү Сизге кайта берилет. “В” бөлүгүнүн арт жагында чек арачылар Россиянын чек араны өткөн күнүнүн штампын басуу зарыл.
5. Россияга келгенден кийин 3 күндүн ичинде Сиз миграциялык учётко турушуңуз керек. Бул үчүн паспорт жана миграциялык карта керек. Бул менен биз жардам бере алабыз.
6. Жумушка уруксат алуу үчүн чет өлкө жарандары Россия Федерациялык миграциялык кызматынын пластик картаны алуу керек. Биз Сизге жардам беребиз.
Сизден талап кылынат:
- Паспорт
- Каттоонун белгиси бар миграциялык карта
- Сиздин эки түстүү сүрөтүңүз (3х4, жалтырак эмес)
- Коркунучтуу ооруулар менен ооруп жатпаганыңыз жөнүндө бир нече медициналык справкалары керек.
- Бир нече башка документтер.
Документтердин тизмеси жана үлгүлөрү, ошондой эле алардын Федерациялык миграциялык Кызматына берүүнүн тартиби ар дайым өзгөрүлөт. Russian International Manpower-нын адисттерден консультация алыңыз, биз Сизге тез арада жана эч кандай кыйынчылыгы жок эле документтердин тариздөөдө жардам беребиз. Ушул документтер менен Сиз Москвада жана Москва облусунда иштөө үчүн уруксатты ала аласыз.
Телефон: (495) 916-86-28
Көңүл буруңуз: Биз орусча гана сүйлөйбүз.
Россияга эң аз дегенде бир миллион мигрант керек.
Суроо берүү
|